БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ЖАРЫЯ
БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ЖАРЫЯ
БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ЖАРЫЯ
БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ЖАРЫЯ
МАСЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ “МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КАДРЛАР РЕЗЕРВДЕРИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
жогорку билим - Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык тармактарында
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
жогорку билим - Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык тармактарында
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кенже кызмат орундары үчүн:
гуманитардык илимдер багытындагы филология, лингвистика, экономика, башкаруу багынтындагы экономикалык илимдер, эсептөө техникасы, информациялык технологиялар илимдер багытындагы информациялык система жана технологиялар илими боюнча жогорку кесиптик билим.
иш стажысына талап коюлбайт.
КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:
Башкы кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республиксынын Конститутциялык мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексни;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
“Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Юридика тармагы боюнча:
Кыргыз Республикасынын жер кодексин;
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Социалдык тармак боюнча
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Улук кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын;
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Экономика багыты боюнча:
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси
Юридикалык багыт боюнча:
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Социалдык багыты боюнча:
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Кенже кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 03-апрелден 17-апрелге чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Ноокен району Масы айылы К.Султанов көчөсү 112, Масы айыл өкмөтүнүн имараты